www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маалыматка ылайык, 20-январда Орусиянын президенти Владимир Путин Конституцияны өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорун Мамлекеттик Думанын кароосуна жөнөттү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Белгилей кетсек, Мамлекеттик Думанын сайтына жарыяланган документте Баш мыйзамдын 22 беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталган.

Ага ылайык, Конституцияга Мамлекеттик кеңеш деген жаңы бийлик органы киргизилет. Ал «мамлекеттик бийлик органдарынын эриш-аркак иштешин камсыздоо, ички жана тышкы саясаттын негизги багыттарын, мамлекеттин социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн приоритеттүү багыттарын аныктоо максатында» президент тарабынан түзүлөт.

Эске салсак, 2018-жылы президенттик кызматка төртүнчү жолу шайланып келген Владимир Путиндин мөөнөтү 2024-жылы аяктайт. Серепчилер Путиндин реформасы ал бийликтен кеткенден кийинки учуруна даярдык болушу ыктымал экенин айтышууда.

Мыйзам долбоорунда Конституциядагы президенттик мөөнөттүн саны тууралуу беренеден «катары менен» деген сөздү алып салуу сунушталган: «Бир эле адам Орусия Федерациясынын президенти кызматын эки мөөнөттөн ашык ээлей албайт» деп жазылган анда. Демек, Путин 2024-жылы мөөнөтү аяктагандан кийин президенттик кызматка кайтып келе албайт.

Путин Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү планы тууралуу 15-январда билдирген. РБКнын маалыматына караганда, жалпы элдик добуш берүү 12-апрелде өткөрүлүшү мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости