www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайда дарыгерлер дем алуу органдарын сезгенткен жаңы короновирус адамдан адамга жуга турганын ырасташты. Бул тууралуу 20-январда өлкөнүн Мамлекеттик саламаттык сактоо комитетинин эксперттери билдиришти. Бул тууралуу маалыматты Борбордук Азия жаңылыктары билдирди. 

Алардын айтымында, вирустун адамдан адамга жуга тургандыгы Гуандун провинциясындагы эки учурду изилдөө маалында далилденген. Мындан тышкары бейтаптар жайгашкан медициналык жайлардын кызматкерлери вирусту жуктуруп алган 14 учур катталган. Бирок азырынча окумуштуулар вирус тараган булакты аныктай албай жатышат.

Дүйшөмбү күнү эртең менен вирус жуктургандардын саны кескин көбөйүп, 220 адамга жеткени, алардын үчөөсү каза болгондугу расмий кабарланган. 20-январга карата вирус жуктурган 25 адам ооруканадан чыкса, 170и дарылануусун улантууда. Алардын ичинен 35 бейтап оор, тогузу өтө оор абалда жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости