www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Каркырадагы эски мончодо окуп жаткан балдардын тагдырына кайдыгер карабоого чакырамын”. Муну бүгүн 3-октябрдагы парламенттин пленардык жыйынында депутат Аида Касмалиева айтты.

Касмалиеванын айткандарына караганда, Түп районуна караштуу Санташ айыл өкмөтүндөгү айылдардын аралыктары алыс. Окуучулар 3-5 чакырым аралыктан келип-кетип окушат. Анын ичинде Каркыра айылынын окуучулары 15 чакырым алыстыкка барып окууга муктаж. Башталгыч класстын 16 окуучусу учурда эски мончодо окуп жатышат. Окуу бөлмөлөрү жетишпегендиктен үчүнчү, төртүнчү класстын окуучулары биригип окушат. Ал жакта кыш мезгили оор, 6-7 айга созулуп, кар калың түшөт, суук катуу болгондуктан бөлмөнүн ичи жылыбайт.

Ал эми Каркырадагы орто мектеп 1978-жылы, мындан 40 жыл мурун курулганын эскерткен депутат айым, ошондон бери бир дагы жолу капиталдык оңдоодон өтпөй, учурда авариялык абалга келгенин билдирет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости