www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Манасчыларыбызды барктап, аларга мамлекеттен айлык төлөп берүүбүз керек. Бул тууралуу “Бир Бол” фракциясынын депутаты Улугбек Ормонов ЖКнын 3-октябрдагы жыйынында билдирди.
Айтымында, учурда 2 гана манасчы мамлекеттен эмгек акы алышат, ал эми коңшу Кытай өлкөсүндө 70ке жакын манасчыны мамлекет маяна менен камсыз кылган.
“Кыргыз эли “Манас” эпосу жана Ч.Айтматов менен сыймыктанып келебиз. “Манас” эпосу ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине кирген. Улуу манасчы С.Каралаевдин айтуусундагы “Манас” эпосу Гиннес китебине кирген. Президент Сооронбай Шарипович өз жарлыгы менен “Манас” жана Ч.Айтматов” улуттук академиясын түзгөн. Анда “Манас” эпосун, кыргыз элинин эпикалык маданиятын, Чыңгыз Айтматовдун дүйнөлүк мааниге ээ болгон көркөм, гуманисттик, философиялык-этикалык мурасын сактоо жана жайылтуу башкы максат
экени белгиленген. Бирок азыр биз манасчыларды чоң мааракелер учурунда эле эстейбиз. Калган күндөрү алар эмне кылып жатышат, кантип жашап жатышат ишибиз жок. Байлыгыбыз болгон “Манасты” өзүнө батырып жүргөн манасчыларыбызды сыйлай албасак, Манас, Манас деп айтканыбыздын эмне зарылчылыгы бар?”-деди ал.
Ошондой эле эл өкүлү Манас таануучу Чолпон Субанкожоева өз аракети менен “Манас” эпосун изилдеп жүргөнүн белгиледи.
“Төрагага кайрылып, бул кызыбызга жардам берүүнү өтүнгөм, бирок азыркыга чейин жооп жок. Манасчыларды майрамдарда гана эстебей, аларга эмгек акы беришибиз керек”,-деди Ормонов.
Булак: NazarNews.kg