www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарын районунун Кеңеш айылындагы контейнер мектепте окуп жаткан окуучулар бүгүнтөн баштап жергиликтүү клубдун имаратында окуй башташты. Бул тууралуу  3-октябрда Дөбөлү айыл аймагынын башчысы Уланбек Алсеитов кабарлады. Анын айтымында, клубда төрт класс жасалып, окуучулар кезектешип эки маал окуп жатышат. Жылуулук системасына жана башка иштерге мамлекеттик бюджеттен 958 миң сом бөлүнгөн. Бул иштерди тендерден уткан компания 820 миң сомго жасап берген.

Кеңеш айылында окуучулардын бир бөлүгү салмагы 20 тонналык беш контейнерде билим ала башташкан. «Мобилдүү мектептерде» окуу ыңгайсыз болуп жатканы айтылып, бул коомчулуктун катуу сынына кабылган. Ушул окуядан кийин билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева өзү берген арызына ылайык кызматынан бошотулган.Буга чейин өкмөт контейнер мектепте окуп жаткан окуучулар суук түшкөнчө башка имаратка көчүрүлүп, окуусун ошол жактан улантарын билдирген.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости