www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москва шаарында жана Москва облусунда өлкөнүн миграциялык мыйзамдарын бузгандарды аныктоо боюнча “Нелегал” аталган рейд жүрүп жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирди.

Буга чейин Орусияда кыргызстандык таксисттерди катуу текшерип жаткандыгы тууралуу кабарланган эле.

Маалыматка караганда, бир эле кыргыз жарандары эмес, жалпы эле чет өлкөлүктөр текшерилип жатат. Рейд 1-октябрдан 15-октябрга жүрөт.  Эгерде, чет өлкөлүктөр тарабынан миграция мыйзамдарын бузгандар аныкталса, Орусиянын мыйзамына ылайык чара көрүлөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости