www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Билмейинче, талкуулаба”. Apple компаниясынын мына ушундай билдирүүсү орус жаранын сотко кайрылууга “аргасыз” кылган. Бул туурасында орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Ал айтылгандарга караганда, Москвадагы Пресненск райондук соту Apple компаниясынын үстүнөн арызданган жарандын доосун кароодо. Анда, жергиликтүү жаран компаниянын билдирүүсү гомосексуализмге жеткиргенин баяндап, ал үчүн миллион рубль өндүрүп берүүсүн соттон өтүнгөн.

Тагыраагы, арыздануучу бир канча жыл мурда айфонунда криптовалюталар операциясы менен иштөө үчүн App Store сунуштамасын көчүрүп алган. Ал эми 2019-жылы анын капчыгына 69 GayCoins которулган. Которуу англис тилиндеги, “өзүң билмейинче же сезмейинче талкуулаба” деген билдирүү менен коштолот.

Доогер Apple мына ушундай жол менен өзүн “гомосексуализмге түрттү” деп эсептейт. “Мен, чындыгында бир нерсени билбей туруп кантип сөз кылууга болорун ойлогомун. Ошондуктан бир жыныстуу катнашты өзүм да сынап көргүм келген” деп жазылат москвалыктын арызында.

Эки айча убакыт ал эркектер менен кезигишип, бир жыныстуу катнашта болгон. Мындан улам жашоосу жаман жакка өзгөргөнүн айтып, “артка кайта албай калдым, мунун баарын ата-энеме кантип айтам” деген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости