www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

5-канал эми эмне болот?.. -деп жумушумда да, жумуштан тышкары да сурашат менден. Эмне болмок эле? 2010-жылы парламентте бу каналды "парламенттик болсун" деп чечишкен. Парламенттик делген аты эле болбосо парламент бу каналдын өнугүшүнө каржылай да, чыгармачыл да көңүл бөлүүгө убактысы болбой, анан каналдын 80 млн.сомго жакын карызын көрүп, "..муну парламенттин чөнтөгүнөн төлөп берсек, эл бизди сойбойбу.." дешип, өкмөткө "өзүң чеч" деген маселе койду.

Өкмөт каналдын контентин, рекламалык кирешесин көбөйт,- деп Мүлк фондуна кулак какты. Мүлк фонду болсо 50го жакын санарип твлардын ичинен 5-каналга рекламаны күргүштөтүп түшүрүү камылгасын ойлоп, "25 кадр" деген уюм менен биргеликте болгон аракетин жасап келе жатат. Чыгармачылык жагын биз "жуурканга жараша бутту сунуп" кадрдык, техникалык дараметке жараш конетент сунуп келатабыз. Кыйратып салдык,-деп айтпайм, колдон эчтеке келбей шалдырап олтуруп калдык деп шөлбүрөгөн да жокпуз. Өкмөт менен парламент "...мындай жалпак камаздын өлкөгө кереги жок, бизге РТР, Первый канал деген эле жалпак жөжөлөр керек.." дейби, айтор Бешинчи каналды жабуу же сатуу, же өкмөткө калтыруу жагын өздөрү билишет.

Ташбаканы кандай учуруп, кандай кондуруу ошолордун колунда. А чыгармачыл топтогу чыгармачыл адамдарга эмне,.. "сентябрыбыздын" күнү бүтсө, "жалбыракка" айланып, 5-каналды токтотсо "апрель...май....июньга" айланып жүрө берет экенбиз да. Кабинеттердеги орундуктарды, креслолорду гана бошотуп бергенибиз болбосо, оозубуздагы сөзүбүз, ичибиздеги өнөр-шык, талантыбыз өзүбүз менен кала берет экен! Коку-ууй жумушумду алып койду..-деп валидол ичип, бир ай үйүнөн чыкпай нерв болуп, жүрөгүн кармап жатып алчу чиновниктер эмес экен да журналист калкы.

Эрнис Кыязов, теле журналист

Последние новости