www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 “Манас” эпосун кытайлык кыргыздарга таянып 2009-жылы Кытай Эл Республикасы ЮНЕСКОдогу баалуулуктар мурасына киргизип алган. Көп өтпөй кыргыз инсаны, ал кездеги Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаков “Манас” үчилтигин ЮНЕСКОнун баалуулуктар тизмесине каттатып, 2013-жылдан баштап 4-декабрь –эл аралык Манас күнү аталган. Натыйжасы эмне болду "Манас” орденин Сапар Исаков менен Фарид Ниязов алышты, “Манасты” көтөргөн, ЮНЕСКОдон каттаткан Карганбек Самаков камалды. Учурда да “Манас” тууралуу ойлонгон парламентте депутаттарыбыз  да бар экен.

 Кыргыз эли «Манасы» жана Айтматову менен чындап сыймыктанат. Ал эми ошондой дүйнөлүк баалуулуктарды алып жүргөн манасчыларыбызга кам көрө албайбыз, аларды майрам күндөрү гана эстейбиз. Анчалык деле көп манасчыбыз жок, алардын ар бирин ардактап күтүүгө тийишпиз. Азыркы учурда эки гана манасчы маяна алат экен. Карагылачы, коӊшу Кытайда манасчыларга кандай кам көрүлүп жатканын. Оозго алынган манасчылардын баары атайын эмгек акы алышат экен.

Парламент депутаты Улугбек Ормонов Жогорку Кеӊеш жыйынында манасчыларды колдоп чыкты: «Президентибизге ыракмат, «Манас» жана Айтматов академиясын ачып берди. Анда кимдер иштеши керек? Албетте, алардын арасында манасчылар да болушу керек. Ошондуктан, Жогорку Кеӊештин тармактык комитети бул маселени карап чыгып, академиянын штаттык бирдигин тактап чыгуу менен, манасчыларды анын карамагына алып, аларга эмгек акы төлөп берүү маселесин тезинен чечип бериши зарыл. Ансыз "Манас" эпосун эстутумда алып жүргөн манасчылар мектебин өнүктүрө албайбыз», - деди депутат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости