www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Парламентте аркар, кулжа, тоо теке, бугу-маралдарды атууга уруксат бойдон калтырган мыйзам кабыл алынгандан кийин соцтармактарда депутаттарга болгон нааразычылык дагы күчөдү.
Ал гана эмес, алардын айрымдарынын сейрек кездешүүчү жаныбарларды атып, курмандыгы менен түшкөн сүрөттөрү жарыяланууда. Алардын бири - Жогорку Кеңештеги катардагы депутат гана эмес, «Республика - Ата-Журт» фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов.
Анын бул сүрөтү качан, кайсы жерде тартылганы белгисиз, ал эми тарапташтарынын айтымдарында, сүрөт ал депутат боло элек кезинде тартылыптыр. Мылтыкка, о.э. тоо текени атууга уруксат кагаздары болгон дешет.
Албетте, бул эч бир актанууга жатпайт. Тоо теке, аркарларды атууга карапайым адам эч качан уруксат кагазын ала алган эмес, ала алышпайт дагы. Депутатыкка чейин жалаң гана курулуш компаниясын жетектеп, кийин 3 жылдай “Чыгышэлектронун” “башкы электриги” болуп иштеген Жыргалбек Турускуловдой эле “чимкирик илиталар” же четтен келген олигархтар гана уруксат албаса, башкасына ансыз деле мүмкүн эмес. Дал ошону үчүн өткөн апта 40 (!) депутат үйүгүшүп, “өлкөдө сейрек кездешүүчү жан-жаныбарларга аңчылык кылуу тыюу салынсын” деп араң жазган мыйзамга кайра эле ошол 40 депутаттын өздөрүнүн саткындыгы, эки жүздүүлүгүнүн кесепетинен өтпөй калды.
Тарапташтары аны сүттөн ак деп жаткан депутат Жыргалбек Турускулов да бул мыйзамга каршы чыккандардын бири.
Эскерте кетсек, Кыргызстанда мергенчилик чарбасында ишкерлик кылган 52 юридикалык тарап, 42 жеке фирма, 9 коомдук жана 1 мамлекеттик мекеме (жаратылыш ресурстарын туура пайдалануу департаменти) катталган.
Булак: NazarNews.kg