www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чал-кемпир ортодо “тытып” бийлеп жатышат. Аңгыча ар жакта олтурган дагы бир абышка тиги бийлеп жаткандарды карай таягын кезей чуркады.

Бул айылдагы бир тойдун көрүнүшү. Кадрда жаштар дээрлик көрүнбөйт. Андыктан муну “карылардын олтурушу” десе болчудай. Буга чейин тойканадагы жаштардын кызгануусу тууралуу тасмаларда байкалгандай, аягы кызыл чеке мушташка жеткен жок. Эми жаныбар деле түгөйүн кызганат экен.

Кимге кандай таасир калтырды ким билет. “Түшсө да бырыш чекеге, жүрөккө бырыш түшпөйт го...” - деп учурда, социалдык түйүндүн колдонуучулары муну тамашага салып олтурушат.

Ал эми бизге таяк кезеген аксакал ашыкча тайраңдаганга жол бербей, көзөмөлдөп жаткандай эле туюлду. Болбосо азыр чыгыштын чектен ашкан кыймылдарын туураган жаштар, абийирлерин ашатып жатканын байкабай калып жатат. Ал эми мындай кыргызда өөн учурайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости