www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Социалдык тармактарда Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда тажик аскерлери эки кыргызстандыкты колго түшүрдү деп тарап жаткан маалымат жалган. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
«Коопсуздук кеңешинин катчылыгы бул маалыматты расмий түрдө төгүндөйт. Бул видео болжол менен 2017-жылы тартылган жана 2021-жылдын 28-29-апрелинде Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болгон окуяларга эч кандай тиешеси жок» , - деп билдиришти маалымат кызматынан.
Белгилей кетсек, Баткенде 28-апрель күнү кечинде чыккан чыр түнү менен күчөп отуруп, эртеси да уланган. Эки тарап бири-бирин көздөй ок атып, Кыргызстанда каза болгондордун саны 31ге жетти. Атышуудан 154 киши жабыркаган.
Эске салсак, буга чейин эки мамлекеттин президенттери телефон аркылуу сүйлөшүп, учурдагы түзүлгөн кырдаалды тынчтык жолу менен гана чечип, үстүбүздөгү жылдын май айынын экинчи жарымында Душанбе шаарында жолугушуу өткөрүүнү макулдашкан.
Чек арадагы трагедиядан улам 2021-жылдын 1-2-май Кыргызстанда жалпы улуттук аза күтүү күндөрү деп жарыяланды.
Булак: NazarNews.kg