www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
29-январда Актөбө шаардык соту көп балалуу беш аялдын жергиликтүү активист Алибек Молдиндин үстүнөн жазган арызы боюнча административдик ишти карай баштады. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктары жазып чыкты.
Гүлмира Бимаганбетова, Санимгүл Сүйүнбаева, Жанар Кулмамбетова, Миуа Бекбосынова жана Зиба Отарбекова сотко Молдин «ар-намысыбызды тебеледи» деп арызданышкан. Алардын ар бири моралдык зыян иретинде Молдинден 100 миң теңге компенсация жана эл алдында кечирим суроону талап кылышууда.
Актөбө соту 9-январда Жазык кодексинин «Мазактоо» беренеси менен айыпталган жергиликтүү активист Алибек Молдинди актаган. Судья бул иште кылмыш курамы жок экенин билдирген.
Актоо өкүмү чыккандан кийин Сүйүнбаева менен Бимаганбетова соттун чечимине макул болбой, кайра жарандык арыз менен кайрылышкан.
Бир нече жолу тынч митингдерге катышып, административдик жоопкерчиликке тартылган Молдинге ноябрда кылмыш иши козголгон. Сотко көп балалуу бир нече аял кайрылып, активист акимчилик алдына чогулган көп балалуу энелерге акарат келтиргенин билдиришкен.
Буга чейин Алибек Молдин айыптоолорду четке кагып, жарандык активдүүлүгү үчүн жергиликтүү бийлик ага кысым көрсөтүп жатканын айткан.
Булак: NazarNews.kg