www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын тургуну, үчүнчү класстын окуучусу Артем Меркин Минскте менталдык арифметика боюнча өткөн олимпиадада суперчемпион наамын утуп алды. Бул тууралуу жергиликтүү булактардын бири КРдин Белорусиядагы элчилигинин басма сөз кызматына таянып, жазып чыкты.

Эл аралык олимпиада “Хрустальный абакус” деп аталып, анда Белоруссия, Казакстан, Кытай, Кыргызстан жана Россиядан барган 100дөн ашуун окуучу катышкан. Алар арефметикалык меселерди тез  чыгарууда жарышышкан.

“Ошондой эле, Артем Меркин олимпиданын оюн-зоок программасында катышып, Кыргызстан тууралуу видеороликти көрсөткөн. Ал кыргыздын улуттук кийимин кийип алып, добулбаста ойногон жана бир эле убакта экрандагы сандарды окуган”,-деп элчиликтен билдишти.

Мындан сырткары, жаш кыргызстандык Кытай жана Түштүк Европанын Маданият жана билим алмушуу борборунун  ардак грамотасы менен сыйланды.

Артем Меркин Бишкектеги №13 мектептин окуучусу. Беларусия, Казакстан, Кыргыстан, Россия, Малайзия жана Түрцияда өткөн менталдык арифметика боюнча 13 олимпияданын катышуучусу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости