www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдын «CanSino Biologics» компаниясы COVID-19 инфекциясына каршы иштеп чыккан вакцинасынын үчүнчү фазадагы сыноосун Орусия, Бразилия, Чили жана Сауд Аравияда баштоо үчүн бул өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чкыты.

«CANSINO» компаниясынын аткаруучу директору жана түзүүчүсү Цю Донгсу Сучжоуда өткөн вируска каршы препараттарды иштеп чыгаруу боюнча конференциянын жүрүшүндө «Биз Орусия, Бразилия, Чили жана Сауд Аравия менен коронавируска каршы вакцинанын үчүнчү фазасын алга жылдыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз», - деп билдирди.

Бул вакцина Ad5-nCov деп аталат.  Аталган вакцинанын клиникалык сыноосунун биринчи фазасын баштоого 17-мартта уруксат берилген. Вакцина Пекиндин Биотехнология институтунун профессору Чэнь Вэйдин жетекчилиги астында иштелип чыккан.

CanSino Biologics компаниясынын аткаруучу директору COVID-19 вакцинасынын үчүнчү фазадагы сыноосу жакын арада 40 миң ыктыярчынын катышуусу менен башталарын баса белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости