www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирустан бир суткада 2 байтап каза болду

Кыргызстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясы 41 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Оору жуктургандар:

Бишкек — 20;

Чүй — 14;

Талас — 1;

Ысык-Көл — 5;

Жалал-Абад — 1.

Пандемиядан бери баш-аягы 200 255 адам илдетке кабылды.

Тилекке каршы, жугуштуу ооруну эки бейтап жеңе албай калган. Алар Бишкекте жана Чүйдө дарыланып жаткан, коронавируска каршы вакцина алышкан эмес. Республика боюнча жалпы каза болгондордун саны 2 939га жетти.

Акыркы сутка ичинде COVID-19 илдетинен 191 бейтап сакайып, үйлөрүнө чыгарылган. Жалпы айыккандардын саны 193 792ни түздү.

Учурда ооруканаларда 333 бейтап дарыланууда. Анын ичинен үчөө канааттандырарлык, 147 киши орточо, 139 адам оор жана 44 бейтап өтө оор абалда. Амбулатордук дарыланууда 1 622 бейтап бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости