www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдарды коргоо жөнүндө» мыйзамды талкуулоо уланат. Бүгүн Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин талкуусуна мыйзамдын макулдашылган варианты чыгарылат.

Эки жыл мурда парламент кабыл алып, бирок ошол кездеги президент кол коюудан баш тарткан мыйзам долбоорунун негизги автору Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Аида Салянова болгон

Документтин долбоору айрым карама-каршылыктар бар экени айтылып, толуктап-кошумчалаш үчүн кайра парламентке кайтарылган.

Бирок Салянова президенттин жүйөсүнө макул эместигин билдирген.

Эгер мыйзам кабыл алынса, коррупция болгону сот аркылуу далилденип, мамлекетке акча өндүрүлсө, ал сумманын 30% ошол факт тууралуу айтып чыккан кызматкерге сыйлык иретинде берилери каралган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости