www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

10-декабрда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети «К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетине караштуу Кыргыз дыйканчылык илим изилдөө институтунда көчмө жыйын өткөрүп, бул илимий мекеменин бүгүнкү күндөгү абалы менен келечегин талкууга алышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз дыйканчылык илим изилдөө институтунун директору Нурудин Карабаев кызматкерлеринин эмгек акысынын төмөндүгүн (6-7 миң сом), борбор калаанын түштүгүндөгү Селекция айылындагы №2 лабораториялык корпустун капиталдык ремонтуна акча каражатынын (10 млн сом) зарылдыгын, Кыргыз дыйканчылык илим изилдөө институту деген аталышка топурак таануу деген сөз айкашы кирбей калып, бир топ долбоорлорду тартууга мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгын жана Өсүмдүктөрдү коргоо бөлүмү жоюлуп кеткендиги башкы көйгөй катары тизмектеп берди. Талкуунун жүрүшүндө буга чейин 2,5 млн сом каражат максаттуу пайдаланылбагандыгы, институтка тиешелүү жерлер сатылып кеткендиги, илимий кызматкерлер тажрыйба жүргүзүү үчүн жерди ижарага алып иштетери, мекемеге келген жабдуулар таңгагынан чыкпай сатылып кеткен фактылар бар экендиги белгилүү болду.

Талкуунун жүрүшүндө адегенде илимий мекеменин материалдык-базасын чыңдап, анан илимпоздордон тиешелүү натыйжаларды талап кылуу зарылдыгы айтылды. Депутат Асылбек Жээнбеков аталган институт башка үрөн чарбалары менен кызматташуусун жаңы багытта жүргүзүшү керектигин, кылкандуу дан эгиндери боюнча Кыргызстандын өзүнүн үрөнү болушу зарылдыгын билдирди. Ошону менен катар депутат бул илимий мекеменин тажрырыйба жүргүзүү үчүн мурдагыдай жерлери болушу зарылдыгын айтып, аталган институттагы финансылык мыйзам бузуулардын баары көз жаздымда калбай кайра каралышы керектигин баса белгиледи.

Ал эми Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Айтмамат Назаров институтту мындай акылбалга жеткиргендердин, ага тиешелүү жерлерди курулушка уруксат бергендердин жоопкерчилиги сөзсүз каралышы керек деген пикири менен бөлүштү. Ошондой эле А.Назаров комитеттин чечимине Кыргыз дыйканчылык илимий изилдөө институту боюнча КР Билим берүү, илим министрлигинин ишин канааттандырарлык эмес деп табуу менен катар институттун финансылык-экономикалык жагдайларын КР Эсептөө палатасы тактап чыгуусун киргизүүнү сунуш кылды. Мындан сырткары, Эсептөө палатасынын жыйынтыгы Өкмөттө каралып, анан күч органдарына берилиши керектигин кошумчалады. Комитет мүчөлөрү жогоруда белгиленген тапшырмалар боюнча маалымат берүүгө КР Өкмөтүнө 2019-жылдын 1-июнуна чейин деп мөөнөт белгилешти. КР Өкмөтүнө аталган институтка каржылык, уюуштуруу маселелерин чечип, өнүгүү багытын аныктоого көмөк көрсөтүү тапшырылды. Тармактык комитетке 2019-жылдын 1-апрелине чейин Кыргыз дыйканчылык илимий изилдөө институтунун келечектеги иш-максаттары, боюнча маалымат берилмей болду.

 

Последние новости