www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына” карата КРнын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал – майору Ж.Ш. Шабиров атындагы Республикалык окуу борборунун өздүк курамы Чынгыз 
Айтматовдун резиденциядагы үй музейи менен таанышып келишти деп маалымдайт ИИМдин Басма сөз кызматы.
Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүн кеңири айкын чагылдырууда, коомдогу укук маданиятын жогорку деңгээлге көтөрүүдө жана кызматкерлердин руханий жан дүйнөсүн байытуу максатында Улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун 90-жылдык мааракесине карата, Кыргыз  Республикасынын Ички иштер министрлигинин Республикалык окуу борборунун башчысы, милициянын полковниги Кылыч Кадыркулов өздүк курамы менен бирге “Улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун резиденциядагы үй музейине 
барышкан. Музейден Чынгыз Айтматовдун дүйнөнүн ар кайсы мамлекеттен алган сыйлыктары, наамдары, медалдары ордендери жана берген белектери менен тааныштырышты. Чынгыз Айтматов жөнүндө өздүк курамга кеңири маалымат берилип жана өздүк курам тарабынан кызыктуу сууролор узатылып 
жатты.

Андан соң, ИИМдин Республикалык окуу борборунун өздүк курамы эстеликке сүрөткө түшүштү. Жогорудагы айтылган маалыматтар боюнча Республикалык окуу борборунун имаратынын кире беришине өздүк курам тарабынан мекенчилдик сезимди чагылдырган дубал гезиттери чыгарылды.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости