www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коррупция менен күрөштө кылмыш кодексинин «Мыйзамсыз баюу» беренеси эң чоң курал болот. Буга Дүйшөнбек Зилалиевдин мисалы далил. Бул берене менен көптөгөн мамлекеттик мурунку жана азыркы кызматкерлерге иш көзгөп, мүлкүн мамлекетке өткөрүп казынаны толтурсак болчудай. Президент мурункулардан айырмаланып жакшы идея менен иштеп жатат. Айтайын дегеним, мурунку президенттер аны, муну кымбаттатып, элдин жонунан кайыш тилсе, Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик кызматтарда иштеп жүрүп байыгандардын капчыгын какканы калды. Мунун эки жакшы жагы бар. Биринчиси, элдин эсебинен байыгандардын байлыгы менен бюджетти толтурат. Экинчиси, байлыгына кол жуугандар баштагыдай бийликке келип, жеке кызыкчылыктарын ишке ашырбай калышат. Парламентке да байлыгын коргоюн дегендер эмес, чыныгы патриоттор, чыныгы мыйзамчылар келишине жол ачылат. Ушул жагын эске алганда президенттин бул аракети колдоого аларлык десек болчудай.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости