www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата бүгүн, 10-декабрда КРнын ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Э.Алиев атындагы Академиясында чыгармачылык кече өткөрүлдү.
Маданий иш-чарага КРнын ИИМдин орун басары, милициянын генерал-майору К. Асанов, мамлекеттик ишмерлер,  Айтматовдун санаалаштары  А. Джумагулов,  А. Муралиев,  кыргыз эл жазуучусу А. Жакшылыков, жазуучу С.Темиралиев, Бишкек шаардык китепкана түзүмдөрүнүн директору К. Дандыбаева жана башкалар катышышты.
Курсан Асанов: “Биз Ч.Айтматовдун чыгармалары менен тарбия алып өстүк. Мекенибизге болгон патриоттук күчтүү сезимдер да, дал ошондо жаралган десем да жаңылышпайм. Анын чыгармалары байлыкка же бийликке умтулууга эмес, табиятка жакын болуп аны коргоого үйрөттү. Адамдарга туура мамиле жасоо, эл менен бирге болуу, жакын болуу кандай бакыт экенин жазып кетти. Мен ушундай,  Дүйнө жүзүнө таанымал, жөн гана таанымал болбостон бардык адамзатына тарбиясын берип кеткен инсан менен жердеш болуп, ал инсан баскан жол менен басып жатканыма сыймыктанам,"- деп белгилеп, китеп окууга чакырып өттү. Андан сырткары, Айтматовдун "Милицияда кызмат өтөө ардактуу милдет жана чоң жоопкерчилик" деп айткан сөзүн эскерип, өз элибизди коргоодо берилүү менен кызмат өтөп, эл ишеничин актайлы деп кошумчалады.
Маданий иш-чарада курсанттар Ч.Айтматовдун “Жамийла”, “Кылым карытар бир күн” чыгармаларынан үзүндүлөрдү аткарышты. Өткөрүлгөн иш-чара өсүп келе жаткан муунга туура тарбия берүүгө багытталды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости