www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-Тандырдан жаңы эле нан үзүп келдим... Очоктогу тамак кайнап калган тура... Тандырдын чогу бекер өчүп калбасын, чай кайната коёюн... Келдим-кеттим көп... Саат канча болду экен? Талаадагылар келе турган убак болуп калбасын. “Жеңемдин тамагы али даяр эмес экен” деп, сары бала (экинчи кайын инимди ушинтип тергечүмүн) калжаңдайт. Казанга көзүнүн кырын сала олурайганычы... Ии.. Майли, талаадан карды ач келет да эми... 

Анда тун уулум бир жашка чыга элек, экинчи балама кош бойлуумун. Эртели-кеч тандыр менен очоктун кашындамын... Казаным оттон түшпөйт... Бүткөн дүйнөм үй-тиричилиги. Элге да, эрге да жагам деп күйпөлөңдөгөнүм-күйпөлөңдөгөн. Чоң эшикке келин болгом, конок аяк үзүлбөйт. Нанга ичим тар, жапкан отуз наным 2 күнгө түтпөйт. “Нанды тез эле жеп коюшту” деп раматылык күйөөмө кадимкидей ыйлайм. Сандыкта нан калбай калса, итатайым тутат. Очор-бачар жашап жүргөн кез. “Жеңе, чай куюң.... Жеңе, дагы тамак... Жеңе, кашык алып келиңчи... Жеңе, көйнөгүм жуулганбы?... Жеңе, дарбыз калдыбы?... Жеңе, жеңе, жеңе...”. 

Түн жарымда өз бөлмөмө кирдим. Күйөөм “Ала Тоо жаңылыктарын” көрүп отурат. 
- Чарчадыңбы?, - деди телевизордон көзүн албай.
- Ананчы, нан эртең түгөнөт, - дедим кабагымды чытып. 
- Капа болбочу, нанды жеш үчүн бышырып атасың да, кичине чыда. Бөлүнүп жашаганда жыргайсың, - деди маңдайымдан сүйүп. – Карачы, жаңылыктарды татынакай кыздар алып барат. Курсактагы баланы төрөп алсаң, окутам. Анан “Ала Тоодон” чыгасың, - деп койду мени сооротуп. 

Ал кезде теле эмес, жогорку окуу жайда окуйм деген нерсе түшүмө кирчү эмес. Жадагалса, телевизор көрбөйт болчумун. Ошондо, күйөөмдүн сөзүнө көп деле маани бербей: "Ой, койчу. Каяктагыны айтпай” десем, “жок, көрөсүң” деп койгон эле...

Анын бул айткандары эсимде да жок. Жакында эстеп, ыйладым. 
Көзүң тирүү болсо, күнүгө кечки саат 9да мени “Ала Тоодон” көрүп отурбайт белең...

Ар бир айтылган сөзгө периштелер “оомийин” дейт дегени туура экен го... Бири кем дүйнө...

Актилек Гулжигит Кызы

Булак: NazarNews.kg

Последние новости