www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көп акча чогултуунун сырын билесизби?

Акча чогултуу үчүн тапкан каражатыңыздын канчасы эмнеге короп жатканын өзүңүз так билишиңиз керек. Андан кийин сиз кайсыга кеткен акчаңызды үнөмдөй аласыз, кайсыны үнөмдөй албайсыз, аныктаңыз. Сөзсүз акча коротуш керек болгон нерселердин тизмесин түзүп алып, калганына мүмкүн болушунча акча кетирбегенге аракет кылыңыз. Айына канча киреше тапсаңыз да анын 10-15 пайызын сөзсүз түрдө чогултуңуз.

Акчаңыздын батыраак чогулушун кааласаңыз, көбүрөөктөн, мисалы, 30 пайыздан чогултуңуз. 10 пайыздан болсо деле бир жылдын ичинде бир топ акча чогулуп калат. Ал эми учурда тапкан акчаңыздан чогултууга такыр мүмкүн болбосо, киреше табуунун кошумча булактарын издеңиз. Чогултуп жаткан акчаларыңызды жокко санап, аларга эч качан тийбеңиз.

Ал үчүн акчаңызды банктагы депозиттердин узак убакытка чейин ала албай турган түрүнө салыңыз. Акча чогултууда алдыңызга так максат коюңуз. Эгерде сиз акча чогултууну билбесеңиз, анан кокусунан эле үй алуу үчүн акча чогултууну чечсеңиз, анда бул аракетиңизден эч нерсе чыкпайт. Алгач майдадан баштаңыз, ал максатыңызды ишке ашырган соң, бир аз чоңураак максат коюңуз. Аны да ишке ашырып көнүп алгандан кийин гана чоң максатка умтулсаңыз болот.

Эгерде акча чогултам деп тапкан акчаңыздын жарымынан көбүн салып коюп, акчасыз отуруп калсаңыз, андан кийин акча чогултканга каалооңуз жок болуп калат. Андыктан аздан баштаңыз. Убакыт өткөн сайын акырындан көбөйтө бересиз.

Булак: Азия News гезити

Последние новости