www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 

“Реалдын” футболчусу Криштиану Роналдунунун үстүнөн Испаниянын прокуратурасы сотко арыз берди. Буга анын 2011- жана 2014-жылдардын аралыгында түшкөн кирешесинен 14,7 миллион евро салык төлөбөй койгону себеп болгонун чет элдик ЖМКлар жазууда. Айрым маалыматтарга караганда, аталган өлкөнүн мыйзамдарына ылайык, Роналду бул аракети үчүн 15 айдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Эгерде ошол эле учурда футболчу тергөөгө активдүү катышса, сот айып пул төлөтүүсү же шарттуу түрдө кесүүсү мүмкүн экендиги айтылууда. Испаниянын мыйзамдарына ылайык, сот кимдир бирөөнү 2 жылга жетпеген мөөнөткө камакка алуу чечимин чыгарса, муну шарттуу жазалар менен алмаштыруу мүмкүн. 2016-жылы "Forbes" журналы дүйнө жүзү боюнча эң көп киреше тапкан 100 спортчуну атап, анын сап башына Криштиану Роналдунуну жазган. Ал 2016-жылы 88 миллион евро тапкан (56 миллион евро клубдан, 32 миллион евро жарнамаларга тартылуудан түшкөн). Эскерте кетсек, Испания соту "Барселона" футболдук клубунун чабуулчусу Лионель Месси жана атасы Хорхе Мессини 2007-2009-жылы футболчунун атын колдонуудан түшкөн киреше салыгын толтурууда жасалма документ тапшырганы үчүн айыптап чыккан. Кирешени жашыруудан бюджетке 4,1 миллион евро түшпөй калган. Жыйынтыгында сот футболчуну 2 миллион евро, атасын 1,5 миллион евро айыпка жыгып, ага улай экөөнү 21 айга шарттуу кесилишкен. 

Камчыбек Бостон "Nazarnews.kg"

Последние новости