www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмиянов эч кимден качкан эмес. Бул тууралуу Кыргызстан социал-демократтар партиясынын (КСДП) расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

Жолдубаева партиянын өкүлдөрү Илмияновдун аялы менен байланышканда ал укук коргоо органдарынан үйүнө эч кандай билдирүү келбегенин жана эч ким телефон чалбаганын маалымдады.

КСДПнын өкүлү ошондой эле Илмияновду кармоодо шоу болуп жатканын кабарлады.

"Мындай шоунун элементтери түшүнүксүз болуп жатат. Илмиянов эч кимден качкан эмес. Ал Казанда жүргөнү тууралуу маалыматтар буга чейин ЖМКларга чыгып эле жүргөн. Тергөө саясий боексуз, акыйкат жүргүзүлүшү керек", — деди Жолдубаева.

Эске салсак, 18-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Илмияновду кармоо боюнча өкүм чыгарган. Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, ал коррупцияга шектелүүдө. Илмиянов Россиянын аймагындакармалып кармалып, Бишкекке алып келингени тууралуу ишемби, 20-октябрда белгилүү болду.

Булак: NazarNews.kg


 

Последние новости