www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кызыл-Омполдогу уран кенин иштетүү маселеси Алмазбек Атамбаевдин деңгээлинде каралган эмес. Ал Премьер-министр, Президент болуп турган кезде да мындай маселе каралган эмес. Эгерде каралса, анда 2012-жылы ал Өкмөткө Борбор Азиядагы радиациялык коопсуздук боюнча БУУнун кийинки 2013-жылы кабыл алынган атайын резолюциясын демилгелеп чыгууга тапшырма бермек эмес. Ал эми 2017-жылы А.Ш. Атамбаев көмүлгөн уран калдыктары жана радиациялык булгануу боюнча тобокелчиликтерди ылдыйлатуу көйгөйлөрү туурасында БУУнун Башкы ассамблеясында өзү чыгып сүйлөгөн жана жаңы демилгелерди сунуштаган. Бул тууралуу маалыматты КСДПнын басма сөз кызматы билдирди.
Ушундан улам А.Ш. Атамбаев өлкө Президенти болуп турган мезгилде чиновниктер Кызыл-Омполдогу уран кенин өнөржайлык казып алууга уруксат бергенге даашпай, геологиялык чалгындоо иштерине гана уруксат берүү менен чектелишсе керек.
Кыргызстандын тоо-кен казуу тармагында А.Ш. Атамбаев артыкчылыктуу деп эсептеген кыйла келечектүү жана коопсуз долбоорлор бар. Дал ушул себептен А.Ш. Атамбаев 2019-жылдын 27-мартында «24.kg» маалымат агенттигине жарыяланган макаладан уран иштетүүчүлөрдүн «бийлик тарабынан, тактап айтканда, Кыргызстандын Президентинин жана Өкмөтүнүн аппараттары тарабынан толук колдоого алынып, жардам көрсөтүүлөрүн» окуп, таң калган.
Ошондуктан А.Ш. Атамбаев КСДПнын 2019-жылдын 23-апрелиндеги билдирүүсүнүн демилгечиси болгон жана анда партиянын Кыргызстандын аймагында уран казып алууга жол берилбестиги жана ошондой эле Кыргызстандын учурдагы бийлигинин уран иштетүүнү колдоп жатканына карата тынчсыздануусу айтылган позициясы чагылдырылган.
Булак: NazarNews.kg