www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
24-апрелде, Жогорку Кеңештеги өкмөт катышкан жыйында уран кенин казууга кимдер уруксат бергендиги туурасында М.Абылгазиевге суроолор берилди.
Премьер-министр, «Юразия Кыргызстан» компаниясы 2004-жылы катталган. 2010-жылы ал жаратылыш ресурстары министри Кайрат Жумалиевдин колу менен изилдөөлөрдү жүргүзүүгө уруксат алган. Андан соң 2011-жылы Замирбек Эсенамановдун колу менен компанияга лицензия берилген. 2012-жылы уруксатка Ишимбай Чунуев кол койгон, 2015-жылы уруксатты узартууга Дүйшөнбек Зилалиев кол койгон. 2016-жылы лицензия ошондой эле узартылгандыгын ачыктады.
Премьер-министр баса көрсөткөндөй, бүгүнкү күнү чечим кабыл алууга негиз керек, буга байланыштуу атайын комиссия түзүлгөн.
«Комиссиянын курамына жогорку класстагы, анын ичинде МАГАТЭ жана эл аралык уюмдардан адистер, ошондой эле жарандык активисттер жана экологдор тартылат. Комиссиянын иши болушунча ачык жана объективдүү болушу керек. Эгерде уран кенинин ишмердүүлүгүндө экологияны бузуу жана адамдардын ден соолугуна зыян келтирүү тобокелдиктери бар экендиги аныкталса, анда албетте, биз тиешелүү чечимди кабыл алабыз», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.
Булак:NazarNews.kg