www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Каржы министри Бактыгүл Жээнбаеванын айтымында, республикалык бюджеттин 2018-жылдагы кирешеси 135,4 млрд. сомду түзүп, бюджеттик план 95,7% аткарылган. Бирок, былтыр казынага 141,5 млрд. сом жыйналышы пландалган эле. Натыйжада, ортодогу 6,1 млрд. сом чогулбай калган. “Бюджеттик план эмне үчүн аткарылбай калган? Буга ким жооптуу? Бул жетишсиздик маселеси кандай чечилиши мүмкүн?” деген суроолордун үстүндө эксперттерге суроо узатып көрдүк.

-- Бюджеттик пландын толугу менен аткарылбай калышынын себептери көп. Бул нерсеге чоң анализ жүргүзүү керек. Жалпысынан айтканда, бюджет деген эки бөлүктөн турат. Бир жагы өнүгүү бюджети, экинчи тарабы бул биздин социалдык бөлүк десек болот. Бюджеттен мамлекеттик инвестициялар бөлүгү – өнүгүү бюджети катары аталат. Мисалы, ушул жылга тышкы гранттар, кредиттер пландалып, бирок аткарылбай калган болсо, анда ал дагы “бюджеттин киреше бөлүгү толугу менен келбей калган” дегенди билдирет. Министрликтер  менен ведомстволор ага жоопкерчиликтүү болушат.

Демек, убагында керектүү келишимдерди аткарууга  документтер даярдалбай калса, же керектүү мыйзамдар нормативдик актылар чыгарылбай калса да тышкы донорлордон акчалар келбейт калат. Ал эми экинчи тарабын карасак, бизде негизги бажы төлөмдөрү жана салык кызматы берген төлөмдөр да. Бажыга кандай план коюлган жана канчалык деңгээлде аткарылды? Аларды дагы өзүнчө карап чыгыш керек. Эгерде ошол тараптан аткарылбай калган болсо, анда салык чогултуу жана бажы төлөмдөрү жакшы администрация кылынбай калган. Экинчи жагынан экономикалык көрсөткүчтөр. Канчалык экономикада өсүш болсо, салыктардын, бажы төлөмдөрдүн өсүшү дагы ошончолук деңгээлде бийик болот. Ошол себептен бул маселени ар тараптуу караш керек.

Назима Жумаева

Булак: "Азия Ньюс"

Последние новости