www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку кеңештин мурдагы депутаты, экс-вице-спикер Кубанычбек Исабеков бүгүн, 30-мартта  «Достук» мейманканасында «Кумтөр – акталбаган үмүттөр» деген экинчи китебин элге тартуулады. «Кумтөрдөгү алтын мафия» деген анын биринчи китеби 10 жыл мурда чыккан. Исабековдун айтымында, Кумтөрдө өндүрүлгөн алтындын эсебинен канадалыктар башка мамлекеттердеги алтын кендерди да сатып ала баштады:

«Бизде 67ге жакын пайыз болгон, бирок, тилекке каршы, пайдадан түшкөн салыкка деле ошо, көбүрөөк маани беришкен дагы, мисалы, алтынды эмне үчүн бөлбөйбүз – баланча процент алтыны дегенге биз жараган жокпуз... Биздин Кумтөрдүн эсебинен дүйнө жүзүндөгү 4 мамлекетте кыргыз алтынына сатып алынган кендер бар – Монголияда бар, ал баягы Центеррага кирген эмес, бирок Бороого же Гацууртка тиешеси жок, башка кен бар. Россиянын Тыва Республикасында бар – Кумтөрдүн эсебинен алынган, анан кийин Түркияда бар».

Көлөмү боюнча дүйнөдө 7-орунда турган кени бар Кыргызстан болсо жакыр бойдон калууда жана карызга баткан. Алтын өндүргөн «Кыргызалтын» концерни азыр – кудуретсиз абалда, мындай нерсе тарыхта болгон эмес ко. Алтын менен башка баалуу кендер чет өлкөлүктөргө сатылган жана алар кыргыз өкмөтүнө эмнени кааласа, ошону таңуулайт, айрым журналисттер болсо – алтындын үстүндө отуруп, жакырлыкка баткан өкмөттү шылдыңдайт.

«Кен байлыктарынын сизге да, мага дагы, биздин балдарга жана биздин ата-бабаларга да тиешеси бар. Кудай же биздин ата-бабалар, биздин балдарыбыз-неберелерибиз бизди кечирбейт. Биз аларды белчесине чейин карызга батырып салдык, эми карыздар кекиртегине чейин жетсе, алар кечирбейт», – деп эсептейт Кубанычбек Исабеков.

«Легендарлуу» парламенттин депутаты, профессор Шергазы Мамбетовдун 1993-жылы – канадалыктарга башка кенди берели, алар менен кошо иштеп, үйрөнүп алгандан кийин Кумтөрдү өзүбүз иштетели дегенин ал кезде эч ким укпай койгон. «Легендарлуу» парламенттин спикери Медеткан Шеримкулов болсо бүгүн – Кумтөрдү советтик мезгилде Москва дагы иштетейин деген, бирок Турдакун Усубалиев бербей койгон деп билдирди:

«Кумтөрдү иштетип, Кумтөрдүн алтынын Советтер Союзуна алабыз деген аракеттер болгондо, Турдакун Усубалиев Москвага чейин барып жатып, ушул Кумтөрдү иштетүүгө азыр эрте, ушул жатсын деген аракет кылган. Бирок Советтер Союзуна дагы алтын керек болчу, ансыз болбойт, ошол Кумтөрдү иштетебиз деген инвестициянын баары анан Якутияга кеткен».

Белгилүү экономист, профессор Айылчы Сарыбаев бүгүн – кыргыз бийлигинин Кумтөргө жасаган мамилеси менен иштерин – мамлекеттик кылмыш жана экономикалык диверсия деп атады. Жана андай кылмыш менен диверсияга – Кыргызстандын ар бир жаңы бийлиги барып жатпайбы. Кумтөргө канадалыктар биринчи келгенде, алтынды 10 жыл гана өндүрмөк, бирок азыр улам жаңы аянттарды алып, өндүрүшүн кеңейтүүдө.

«Ошол Жапаровдун материалын окуганда, андан кийин мына, Кубанычбектин китебин окуганда мен ушунчалык таң калдым – ушунчалык мамлекетке каршы иш болуп атканына. Бул финансылык кылмыш. Мисалы, экономикалык кылмыш десе эле, тигил баланча сом берди, бул түкүнчө сом берди деп кутулуп кетип атпайбы, андай эмес, бул жерде мамлекетке каршы, анын экономикасына каршы диверсия жатат», – деди бүгүн Сарыбаев.

Бийлик азыр – эч нерсени өзгөртө албаган абалда калды, анткени чет өлкөлүк инвесторлордун айтканын эки кыла албайт, алар болсо – алтындын акыркы килограммын казып алганга чейин кала тургандай. Анткени бийлик менен анын ырын ырдаган айрым маалымат каражаттары сатылууга дайым даяр. Изденип, ойлонуп, өндүрүштү өнүктүргөндүн ордуна кимдир бирөөгө уруксат берип, байый берген алда канча оңой жана кирешелүү эмеспи.

«Мен бир кабарды окуп алып, күйдүм. Географияны билебиз да – Израиль каякта, Кыргызстан каякта? Израилдин эки жараны ошол Израилдин сотунда – Кыргызстандагы Актүз кени кимдики деп талашып, соттошуп атыптыр. Биз деги өлкөбүзбү же өлкө эмеспизби? Биз элбизби же эл эмеспизби? Бизде мамлекет деген барбы же жокпу?» – дейт Кубанычбек Исабеков.

Американын индеецтери дагы ушинтип байлыгын айнек шуруга саткан. Кеп ошондо.

Нарын Айып, тележурналист

 

Последние новости