www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси,  КР Эмгек сиңирген экономисти, юридика илимдеринин кандидаты, айыл чарбасынын отличниги, Жогорку Кеңештин мурдагы вице-спикери Кубанычбек Исабеков маркум Турдакун Усубалиевди жана атактуу инсандар кантип кор болгондугу тууралуу айтып берди.

--Жашоодо адамдын көзү тирүү кезде баалап-барктабай калган учурлар абдан көп кездешет. Өкүнүчтүү, бирок өз убагында Усубалиев Турдакун Усубалиевичти дагы сыйлап, барктай алган эмеспиз. Бул сүрөттү көрүп төмөндөгү окуя эсиме түштү. Анда мен Жогорку Кеңештин вице-спикери болуп иштеп турган кезимде Турдакун Усубалиевич Ысык-Көлгө жолдомо ала албай жүргөнүн айтып мага кайрылды эле. Мен иш-башкармачылыгынын жетекчилигине чалып, жолдомо алып бергенбиз.

--Турдакун Усубалиевдин Ысык-Көлдөгү резиденциядагы үйү бар деп уктук эле...

--Ысык-Көлдөгү резиденциядагы үйүн дагы барып көрдүк, эскирип калган, ремонту да жок болчу. Ушундай залкар кишиге бөлүнгөн үйдүн кейпин көрүп жаным кейиген. Башка корпуска көчпөйсүзбү десем, “Жок, мен китеп жазам, ой жүгүрткөнгө жакшы экен”- деп макул болгон эмес.

--Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгондо шагы сынган деп айтып бердиңиз эле...

--Шайлоого катышып, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгондо дагы шагы сынган учур болгон.  Ал кишини куугунтукка алып, жаман иштерге барышып, партиялык билетине чейин алышкан. Кийин ЦК КПССке чейин кайрылып жүрүп, Турдакун Усубалиевичтин актыгы далилденип, кайра партиялык билети берилген.

--Кыргызстардын мыкты инсандарын каралоо канга сиңген эмеспи?

--Тилекке каршы, мындай учурлар кыргыз тарыхында  бир топ атактуу, кыргыз мамлекетин башкарган инсандарга карата болуп келген. Мисалы, Искак Раззаковдун сөөгүн алганы барганда, мен дагы чоң саясатчы болбосом дагы ишкер катары  Борис Силаев жетектеген делегация менен Москва шаарына бирге баргам. Кыргыздар же мусулмандар эмес, такыр башка улуттун өкүлдөрү коюлган жерден бул залкар кишинин сөөгү алынды эле. Акыркы күндөрүн өткөргөн үйүнө дагы барганбыз, кичинекей үйүндө кызы калган экен. Өлкөбүздө ал кишини дагы көзү тирүү кезинде баалай албай, Кыргызстандан кетип калганга мажбурлап, ошол жактан көзү өтүп кеткен. 

--Дагы башка атактуу инсандар барбы куугунттукка алынганбы?

--Дагы бир мисал катары Рахманкул ханды айтсак болот. Ал октябрь революциясы болгон күндөрдө В.И. Лениндин саясатын колдогондордун бири болгон. Түштүктө эң мыкты, илимпоз, билимдүү, маданият-тарыхыбызды жакшы билген адам эле. Бирок ошол убактагы баскынчылык, зордук-зомбулукка каршы чыгып Кыргызстандын көз карандысыздыгын коргоп, айласыздан Үркүндө Кытайга кетип, Пакистан, Афганистанга чейин барган. Афганистандан көп кыргыздарды сактап калган. Акыры Түркиядан өмүрү өттү. Ал кишинин сөөгү коюлуп жатканда тилекке каршы Кыргызстандын бийлигинен бир дагы өкүл барып койгон эмес. Массалык маалымат каражаттарынан дагы ушундай атактуу, чыгаан кыргыздын лидерлеринин бири тууралуу тилекке каршы толук маалымат берилген жок. Тарыхы жок эл болбойт дегендей, биз өз тарыхыбызды билүүгө акыбыз дагы бар жана милдеттүүбүз. Аны сактап, тилибизди, дилибизди, маданиятыбызды коргоп калуу мойнубуздагы парыз.

--Азыркы мыкты чыгаандардан кимдер бар?

--Азыркы күндө жакшы аксакалдардын бири Джумагулов Апаз Джумагуловичти айта кетмекчимин. Бул кишинин мамлекет үчүн кылган кандай гана жакшы эмгектери бар. Менин оюмча бул эмгектери толук кандуу бааланбай келе жатат. Көзү өткөндөн кийин эстелик тургузуп, митинг өткөрүп, көчөнүн аттарын берген жакшы, бирок көзү бар кезде баалай-барктай билсек, ошол кишилерди сый-урматка бөлөсөк жакшы болоор эле.

--Рахмат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости