www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Беш бармак, шарап жана телевизор. Ушундай “укмуштуудай” шарттарда Казакстандын мурунку чиновниктери Костанай түрмөсүндө жазаларын өтөшөт. 

Бул видеону жашыруун тартып, социалдык тармактарга таратып жиберишкен. Автору видео Казакстандын Костанай шаарындагы 161/2 колониясында тартылганын айткан. 

Кадрларда төрт адам жакшы шарттарда жазасын өтөп жатканын көрсө болот. Камерада отургандардын алдында бай дасторкон жайылып, терезесинде парда илинип, телевизор иштеп жатат.   Кийин бул камерада Казакстандын мурунку чиновниги Муслим Ундаганов отурганы белгилүү болгон. Ал мамлекеттен 200 миллион тенге уурдаган деп айыпталып 12 жылга эркинен ажыратылган. 

Видеонун авторунун айтымында, бул көрүнүш менен гана бүтүп калбайт. Түрмөнүн администрациясы кылмыштуу топтордун лидерлерине пайда келтирүүчү нерселер менен камсыздап турушат жана алардын режим бузгандарына көз жумуп коюшат.

Жергиликтүү жаза аткаруу системасынын бөлүмү мындай көрүнүштөр бар экенин тастыктаган. 
Азыркы тапта, окуя боюнча Костонай колониясынын жетекчилигине кылмыш иши козголуп, сотко чейинки териштирүү иштери жүрүп жатат.

Кезинде Азиз Батукаев жазасын өтөп жаткан абакта курорттой жашаганы аныкталган. Ал бээ саадырып кымыз ичип, камерасынын алдына апийим эктирип, аялдар менен жашаган. Камерасы болсо заманбап офистен айырмасы жок, анда кондиционер, компьютерден баштап баары болгон. Бээ, эчки кармагандан сырткары ал мушташка түшө турган иттерди бактырганы да аныкталган. Азыр деле кримавториттер же дагы башкалар ушинтип жашабайт деп айтуу кыйын.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости