www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакын арада эле камактан чыккан Кубанычбек Кадыровдун "Жаңы Ордо" гезитине берген маеги.

--Илмиянов менен Кулматовдун кандай мыйзамсыз иштерин ача баштадыңыз эле?-

--Илмиянов  темир жолдогу, “Темир” мамлекеттик ишканасындагы, Бишкек СЭЗдеги, бажыдагы иштердин башында олтурду. Кулматов Кытайдан самолёт менен келген кымбат баалуу уюлдук телефондорду ташыган. Бизге келип токтоп, Дубайга кетти деген жалган документтерди жасап, кымбат телефондор бул жакта калган. Келген телефондордун көбү кайра Россияга аткезчилик жол менен кетчү. Ушунун баарын ача баштагам. Шайлоого деп темир жолдон, “Темир” мамлекеттик ишканасынан, “Дастандан” акчалар КСДПга агып кире баштаган. Аны да токтото баштагам. Албек Ибраимов алган жерлерди ошондо эле айтып чыккам. Көп адамдар “Бизге бир жолу оомат келди. Тынч эле иштей бербейсиңби?” деп айтышкан. Ошондо эле КСДПдан өз арызымды жазып, Скрипкинага тапшырып берип кетип калгам.

--Оппозицияга кеткениңизден кийин кайра чакыруу болгон жокпу?

--Абдан көп сунуштар болду. Чынын айтыш керек, Атамбаев өзү чакырган жок. Адамдары келип атышты. Илмиянов атамды чакырып алып, мени Ысык-Көлгө губернатор болуп барсын деп айттырганда макул болбодум. “Фарид Ниязов  Финполицияга биринчи орун басар болуп барсын деп жатат. Атамбаевге кирип чыгыптыр” деп балдар келишти. Жалал-Абадга, Баткенге УВДнын начальниги,  ИИМ академиясынын начальниги дешти. Баарына кол шилтедим. Чогуу иштешкенге дитим барган жок. Коррупционерлердин аягы жаман менен бүтөрүн билгем. Азыр канчасы камалып олтурат. Камалган 2 премьер-министр, 2 мэр, министр, депутаттар, Илмиянов акча жешкен, коррупционерлер. Ошон үчүн камалышты. Булардыкы саясий буйрук эмес. Буга бөркүмдөй ишенем. Ичип-жегени факт. Атамбаевдин “мурун эле миллионер болчумун” дегени калп. Жүз пайыз билем аны. Экөөбүз олтурганда жигиттерди чакырып “тигинден барып 2 миң доллар, мындан миң доллар сурап кел” деп айтканын өз көзүм менен көрүп, өз кулагым менен уккам.

Булак: Жаңы ОРДО

Последние новости