www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 8-мартта Бишкек шаарында аялдардын укугун коргогон жөө жүрүш болуп өтүп, ага гей-лесбиянкаларды жана трансексуалдарды колдогондор чыгышты. Баарынан кызыгы Курманжан Датка апабыздын сүрөтүн лозунг кылып кармап, "келин кылып ала качуу - кулчулук!", "тамак жасабайбыз, өзүбүз билебиз!", деген жана башка ураан чакырыктар менен старт алган.

Баарынан кызыгы бул көрүнүш алакандай Кыргызстанда тоодой жаңылык болуп, көпчүлүктүн көзүн алайтты.

Аталган жөө жүрүштүн башында жакында эле экс-Президент Алмаз Атамбаевдин эшигине бир нече жолу кирип чыккан Равшан Жээнбеков, биз мактаган, мактанган Эдил Байсалов жана кадимки эле кыска чачтуу Рита Карасартова жүргөндүгүн көрүүгө болот.

Мына сага, Атамбаевдин ишенген кадры – Равшан мырза. Чын эле Атамбаев менен Равшан Жээнбековдун кайсы саясый көз караштары дал келет болду экен? – деп суроо салды Жебе.кж.

Өлбөй өркөнүң өскүр, мындай көрүнүшкө ким жол берди экен. Акыркы күндөрү митинг-пикеттерди Алмазбек Атамбаев каржылап жатат деген “имиштер” тараган эле, минтип саясый кеңешчи болуп жүргөн Равшан Жээнбеков гей парадда алдыда жүрсө, арты аман эле болсунчу.

Жогорку көрүнүшкө активист Мелис Аспеков, “Кыргызда бизде намыс калдыбы? Гейлер ак калпак кийип, Курманжан Датка апабыздын сүрөтүн көтөрүп, шылдыңдап жүрүшөт. Дөөпөрөс мэр ыраазы болсун! Бул эмне деген көрүнүш. Жеткен акмакчылык. Негизи эле бийлик тарап, кечээги жүрүшкө тыкыр көзөмөл кылбаса, арты жаман болчудай”, деген пикирин айтты.

А баса, өткөн жылы NazarNews сайты Ак үй тарапта жети көгүлтүр бар экен деп “шыбырт” жазган элек...Быйыл кимдин колдоосу менен белгисиз, адам сымал өзгөчөлөр “былкылдап” ачыкка чыга келди.

Мына, айрым бейөкмөт уюмдардын, батышчыл тараптардын өкүлдөрүнүн өлкөгө тийгизген пайдасы. Эми булардын урааны болгон демократия – мамлекеттүүлүктү жок кылуунун бирден бир жолу. Демократиянын эрежесин келесоолор ишке ашырат, маңкурттар ээрчийт.

Булак: NazarNews.kg

Сүрөттөр Фейсбук баракчасындагы Жебе сайтынан алынды:

Последние новости