www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакында эле камактан эркиндикке кайткан саясатчы Бекболот Талгарбеков, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди сотко бере тургандыгын жар салды.

-- "Атамбаев, Талгарбеков жана анын санаалаштары ФБСтин генералдарынын жардамы менен мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракеттеништи деп бир нече жолу айткан. Булардын баары калп. Мен аны сөзсүз сотко берем. Айтканын чындыгын далилдеп берсин. Анын баарын Атамбаев өзү оюнан чыгарган", - деп билдирген жергиликтүү ММКнын бирине Талгарбеков.

Белгилей кетсек Бекболот Талгарбеков, 2017-жылдын 2-августунда  "Улуттук, расалык, диний же аймак аралык кастыкты козутуу" беренесине ылайык 14 жылга соттолгон. 

Баса, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди сотко бергендердин саны арбыды минтип олтурса жакын арада "лөктөрдүн" сүзүшү күчөп, өгүздөр өкүрүп, текелер секирип чыкпаса болду. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости