www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саламатсыздарбы? Мен дагы суроомо жооп алгым келет. Учурда абалым оор. Күйөөмакылдуу, камкор, жакшы адам. 2 уулубуз бар. “Үй-бүлөмдү эч нерседен кем кылбайм”деп бизди жакшы багат. Бирок, мурдагы сүйлөшкөн кызын унута албай койду.

Убагында кызынын оорусуна карабай үйлөнүүгө аракет кылыптыр, ал тийбей коюптур. Кийин мага үйлөндү, бирок аны унута албады. Интернеттен дайыма издеп, үй-бүлөсүн сураштырып эле жүрөт. Бул аракети мага оор тиет. Эмне кылаарымды билбейм. Ажырашайын десем балдарымды бага албайм. Мындай күйөө таппай каламбы деп да корком. Сыгылып кеттим.

Жакында интернеттен экөөнүн жазышканын көрүп калдым. Дагы деле сүйөөрүн, унута албай жатканын жазыптыр. Ал кыз “аялың менен ажыраш” десе, “ажыраша албайм, аялыма, балдарыма боорум ооруйт” дептир. Эмне кылсам туура болот?

Бермет Уланова, гештальт-консультант

Урматтуу айым, күйөөңүздүн сүйгөнүнө болгон сезимдерин жазыпсыз. Ал өзү бул тууралуу айтып бердиби? Же болбосо анын уруксаты жок телефонун чукулап, социалдык тармактагы баракчаларына кирдиңизби?

Аны сүйөөрүн, сиз менен балдар үчүн гана жашап жатканын айтса, кеп башкада. Бирок, эч нерсе дебесе, өзүңүз мурунку жашоосуна кызыкдар болуп жатсаңыз, анда сизге бир канча суроом бар. Эмне үчүн жөн жерден маселе көтөрүп жатасыз? Ал сиз менен бирге болгусу келбесе, балким, эбак эле таштап кетмек. Мен сизди табалаган жокмун, күйөөңүздүн жалгызы, сүйүктүүсү болгуңуз келип жатканыңызды түшүнүп турам.

Мамиледе кризис болот. Ошондуктан, дайыма анын үстүндө иштөө керек. Мурдагы жашоосун казып убара болбой, ортоңордогу мамиле үстүндө иштеп баштаңыз.

Күйөөңүз менен канчалык жакынсыз? Аны жакшы көрөсүзбү? Ал камкор күйөө жана ата экенин жазып жатасыз, ал эми сезимдериңиз тууралуу унчукпадыңыз. Балким, жашоодо дагы аны канчалык жакшы көрөрүңүздү жана ал силер үчүн кымбат экенин айтпайсыз.

Сезимдериңизди күйөөңүзгө билдирүүгө аракет кылыңыз. Эсиңизде болсун, мурда аны менен бул тууралуу сүйлөшкөн эмес болсоңуз, дароо эле сизге ачык жооп бербеши мүмкүн. Мындай маектерди акырындык менен жүргүзүү керек. Балким, күйөөңүз сизден дал ушуну күтүп жатат. Ага эмне жетишпегенин сураңыз, өзүңүздүн каалоолоруңузду дагы айтыңыз. 

Булак: "bilesinbi.kg"

Последние новости