www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нурислам Раимжанов, Юрист:

Биз укуктук мамлекетте жашайбыз, ажырашуу мыйзам чегинде чечилиши керек!

Күйөөңүздүн үйдөн кууп чыгышы – зомбулуктун бир түрү.

Кыргыз Республикасынын үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндөгү мыйзамынын 1-беренесинин 10-бөлүмүндө: “Үй-бүлөлүк зомбулук - үй-бүлө мүчөсүнүн/ага теңештирилген адамдын башка үй-бүлө мүчөсүнө/ага теңештирилген адамга карата дене-бойлук, психологиялык, экономикалык мүнөздөгү атайылап жасаган аракеттери же алардын коркунучу, ошондой эле этибарсыз мамилеси” деп көрсөтүлгөн.

Күйөөңүз айдап чыкканда сизди психологиялык жана экономикалык зомбулукка кабыл болду деп, мыйзамдуу аракет кылса болот. Тактап айтканда, жогорудагы мыйзамдын 27-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык коргоо ордерин алышыңыз керек.

Коргоо ордери милдеттүү тартипте, үй-бүлөлүк зомбулук жасоо фактысы белгиленген учурдан тартып жыйырма төрт сааттын ичинде, үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын жашаган жери боюнча ички иштер органы тарабынан үч күндүк мөөнөткө берилет. Үч күндөн кийин милицияга арыз жазып, отуз күнгө узартасыз. Коргоо ордерин алуу үчүн паспорт менен никелешүү күбөлүгү керек.

Коргоо ордерин алуу же узартыруу боюнча сотко кайрылганда үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндөгү мыйзамынын 32-беренесинин 1-бөлүмүнүн, 1-пунктуна таянып күйөөңүздү бирге жашаган жерден (үйүңөрдөн) убактылуу чыгарып салууну сурана аласыз.

Булак: "bilesinbi.kg"

Последние новости