www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков Талас шаарында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун айкелине гүлчамбар койду. Ошентип жазуучунун 90 жылдыгын белгилөө расмий башталды.

Саамалыктын алкагында "Манас ордо" комплексинде 90 боз үй тигилип, 30 жылкы союлуп, 16 төкмө акын катышкан айтыш уюштурулат. Таласта өтүп жаткан иш-чараларга Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары Алмамбет Шыкмаматов, Садык Шер-Нияз, президенттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев, жазуучунун бир тууган карындашы Роза Айтматова, уулу Элдар Айтматов да катышууда.

Быйыл Таластагы иш-чаралар Кыргызстанда алгачкы жолу майрамдалып жаткан "Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө" туш келген. Буга байланыштуу жарлыкка 2017-жылы экс-президент Алмазбек Атамбаев кол койгон. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости