www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жылда жаздын күнү күйүүчү майга болгон баалардын кымбатташы күтүлөт. Ал айдоо жерлеринин тегиз айдап себүү иштерине байланыштуу болчу. Бирок, буга чейин Казакстан менен болгон биздеги баалардын айрымачылыктары 10 сомго тете экенин депутаттар, ал турсун өкмөттүн тийиштүү тармагы деле айтып келген. Ага карабай учурда Бишкектеги май куюуучу жайларда Аи-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы орто эсеп менен 40,5 сом болуп турат. Маалыматтарга караганда Кыргызстанда май айында күйүүчү майдын баасы 10-15 пайызга өсөт. Бул тууралуу Кыргызстандын нефтедрейдерлер ассоциациясынын төрагасы Канат Эшатов билдирди.
Анын айтымында, жыл башынан бери мунайдын баррелине болгон баа 16 долларга жогорулаган. Орусиядан келген күйүүчү майдын бир тоннасы 150 долларга кымбаттады. Анын айткан мисалына келсек, мурдагы айларда АИ92 460 доллардан берилип жатса, бүгүн 585 доллага көтөрүлгөн, Мунай сатуучулар өткөн айда Орусия бааны көтөргөнүнө карабастан мурдагы калдыктардын эсебинен төмөндөтүп келген. Орусия 1-майдан баштап көтөрдү дейт ал. "Биздин запас түгөнүп баратат. Ошондуктан май айынын ичинде баалар 10 пайызга, кээ бир маркалардын баалары 15 пайызга көтөрүлөт», - деп билдирди ал. Кыргызстан жыл сайын 1 миллион тонна күйүүчү май керектейт.
Баймырза НАКАЙ
Булак: "Факты.kg"