www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакын арада коомдук талкууга Кыргыз Республкасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү конституциялык Мыйзамага өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү конституциялык мыйзамдын долбоору сунушталат. Мыйзамдын долбоорун “Өнүгүү-Прогресс” парламенттик фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев иштеп чыкты. Бул тууралуу маалыматты “Өнүгүү-Прогресс” парламенттик фракциясынын басма-сөз кызматы билдирди.  

Мыйзам долбоорунда Жогорку Кеңеште элдин калың катмарынын кызыкчылыктарын коргогон өкүлдөрдүн катышуусун бекитүү максатында жана мыйзам бийлигинде бир-эки саясий топтун монополистик үстөмдүгүн болтурбоо жанаЖогорку Кеңештин депутатарын мандаттарын алууга катышуу үчүн саясий партияларга шайлоочулардын добушун 9 пайыздан 5 пайызга  түшүрүү сунушталып атат.

Ошондой эле, Мыйзамдын долбоорунда 3төн 5 пайызга чейинки шайлоочулардын добушун алган саясий партияларга атайын квота – 5 депутаттык мандатты-бекитип берүү сунушталып жатат. Б.Төрөбаев 60-100 миң шайлоочулардын добушун алган партиялардын парламентке кирбей калышын акыйкатчылыкка дал келбейт деп эсептейт.

Мыйзамдын долбоорунда айтылуу “административдик ресурсту” пайдаланууну болтурбоо механизмин бекитүү боюнча сунуштар каралган. Административдик ресурсту пайдалануу – бул шайлоо убагында аткаруучу бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, укук коргоо органдарынын кызмат адамдарынын, мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын жетекчилеринин кадрдык, финансылык, материалдык-техникалык, медиалык, институциялык ресурстарды белгилүү бир талапкердин, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн белгилүү бир саясий партиянын кызыкчылыктарында колдонуу болуп эсептелет.

Мыйзамдын долбоорунда аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын баардыгы болуп 26 иш-чарасын жүргүзүүгө тыюу салуу сунушталып атат. Мисалы, бийликтин бул иш-аракеттерине тыюу салынат: шайлоо өнөктүгүнүн убагында, же анын алдында жаӊы же кошумча жеӊилдиктерди жана башка социалдык төлөмдөрдү киргизүү; шайлоо өнөктүгүнүн алдында, же анын убагында мамлекеттик сектордо эмгек акыларды көбөйтүү; талапкерлерге, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын активисттерине жана шайлоо штабдарынын мүчөлөрүнө, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө, шайлоо өнөктүгүнүн башка катышуучуларына тикелей же көмүскө басым көрсөтүү жана башкалар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости