www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Милициянын отставкадагы полковниги, ишкер Жалил Атамбаев "Азаттыктын" кабарчысы Ыдырыс Исаковко карата жазган арызын кайтарып алды. Бул тууралуу Slon.kg агенттигине Атамбаевдин жактоочусу Шумкар Абжапаров билдирди.
Жактоочунун айтымында, арызды катарып алуу чечимин даттануучу тарап өздөрү чечкен.
“Орозонун ыйык күнүндө урушуп-талашпайлы, элге үлгү бололу деп арызды кайтарып алуу чечимин кабыл алдык. Биз Ыдырыс Исаковду кечирдик”, - деди ал.
Ал эми журналист Ыдырыс Исаков ишкер Жалил Атамбаевдин арызын кайтарып алганы тууралуу кабары жок экенин айтты.
Айта кетсек, апрель айынын аягында милициянын отставкадагы полковниги, ишкер Жалил Атамбаев "Азаттыктын" кабарчысы Ыдырыс Исаковду сотко берип, соттон 50 млн. сом моралдык чыгым өндүрүп берүүнү талап кылган. Буга журналисттин Оштогу салыктан качкан ишкерлер жөнүндө иликтөөсү себеп болгон.
Бул окуядан кийин айрым саясатчылар, журналисттер коомчулугу, жарандык коом өкүлдөрү Ыдырыс Исаковду колдоо көрсөтүп башташкан.