www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-президент Алмазбек Атамбаев 8-июнь күнү өзүнө таандык болгон “Форумдун” алдында митинг өткөрүп, парламент депутаттарын дагы бир жолу “чимкирик” деп атады. Мурунку президент азыр “чимкирик” деп атап жаткандарды өзү көз салып, парламент босогосун аттатканын эске алганда, “чимкириктердин” атасы өзү болуп калат да. “Чимкириктер” бул жолу катуу чычалап, мурунку атасына катуу жооп кылышты. Ким эмне деп сүйлөгөнү тууралуу кыскача берип турабыз.

— … Сот, прокурор, Жогорку Кеңеш Атамбаев Алмазбек Шаршенович болбоду беле. Журналисттер, башка адамдар моралдык, кылмыш жоопкерчилик менен баш көтөрө албай калды эле го. Бүгүн ошонун баарын танып, башкага түртө салып сүйлөгөнү мени дагы ойлондурду. Кечээки сөзүндө “Президенттик шайлоону, президентти тааныбайм” дейт. Шайлоо өткөндөн кийин кучакташып, өпкүлөшүп, куттуктап, мыйзамдуу шайлоо болгонун белгилебеди беле, бул киши. Өмүрбек Чиркешович айткандай, хансарайда жатып алып, баардыгын башкаруу планы ишке ашпай калгандан кийин президент мыйзамдуу болбой калабы? Ошол кишинин талабын аткарбай койсо, бул саткын болобу? Шайлаган элдин мүдөөсү кандай болот? Икрам Сатарович 30 млн долларга жакын акча алып келгенде шок болдум дейт. Ошол убакта ал киши президент эмес беле? Жаап-жашыруу деген кылмышта берене бар. Бүгүн бул боюнча иш козгосок болот. 30 млн доллар алып келип, шайлоону сатып аларын билип турса, эмне үчүн ал киши жол берди? Инаугурацияда мыйзамдуу өттү деп эмне үчүн айтты?

Сапар Исаков жана башкаларды куугунтук менен камап жатат деп айтты. Сапар Жумакадырович премьер-министр болуп турганда Өкмөттүн алдындагы Улуттук аттестациялык комиссиянын жетекчиси шайлоо менен шайланган. Бирок, ошол убакта мыйзам кабыл алынып, дайындоо болгон. Ал мыйзам жыйырма сегизинде күчүнө кирмек. Сапар Жумакадырович 8-декабрь менен мыйзам күчүнө кире электе, өзүнүн буйругу менен дайындап, ал киши Улуттук аттестациялык комиссиянын жетекчиси болору менен Раиса Атамбаевага профессор деген наам берген. 5 жылдык талапты карабай туруп. Бул кылмыш эмеспи? Бул узурпация эмеспи? Сапар Исаков сүттөн ак болсо эмнеге ага дагы бир иш козголбойт? Эмнеге ал жооп бербейт?

Булак: "Жаңы Ордо"

 

Последние новости