www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-президент Алмазбек Атамбаев 8-июнь күнү өзүнө таандык болгон “Форумдун” алдында митинг өткөрүп, парламент депутаттарын дагы бир жолу “чимкирик” деп атады. Мурунку президент азыр “чимкирик” деп атап жаткандарды өзү көз салып, парламент босогосун аттатканын эске алганда, “чимкириктердин” атасы өзү болуп калат да. “Чимкириктер” бул жолу катуу чычалап, мурунку атасына катуу жооп кылышты. Ким эмне деп сүйлөгөнү тууралуу кыскача берип турабыз.

— Илгертен чогуу Акаев, Бакиевдердин режими менен күрөшүп, митингдердин баарына катышып, жаныбызды оозубузга тиштеп, тобокелчилик менен далай кыйынчылыкты баштан өткөздүк эле. Ошондо ишенип, ушул досум бийликке келе турган болсо, таза иштеп, мамлекет үчүн иштейт деп терең ишенгем. 6 жыл президент болсо, демократиялык жолго түшсөк, тынч жол менен бийликти өткөзүп берсе, Кыргызстан демократиялык жол менен өнүгүп, аймактагы мамлекеттерден айырмаланып, таза шайлоо өткөзгөн мамлекетти өстүрөбүз деген жакшы ой бар эле. Тилекке каршы андай болбоду. Мөөнөтү бүткөндөн кийин тынч олтурса жакшы болмок. Баягыдай таасир бере албай, мамлекетте болгон процесстерден четте калгансып, өзүнүн жеке эгоисттик көз карашын бизге таңуулап жатканын көрүп жатабыз. Айта турган көп маселе бар.

Булак: "Жаңы Ордо"

Последние новости