www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Курсан Асанов бүгүнкү маалымат талоонуна кабылгандай, деги Курсан Асанов ким:

  1. Курсан Асанов 2010-жылы июнунда Ош жаңжалында өзүн уюштуруучу, тартипти сактоочу катары көрсөтө алды. Эки элдин ынтымакка келишине данакер болду;
  2. Ош жаңжалынан соң Курсан Асановдун карьерасы  типтик асмандап учту;
  3.  Курсан Асанов элге данакер болгону менен үй-бүлөсүнө данакер боло алган жок. Ал аялзатына шариат боюнча же илгерки манаптардай мамиле кылгандыктан, бирок төрт нике кылууга мыйзам жол бербегендиктен, анын аялдарын санаш үчүн атайын кызмат керек.
  4. Европага баңги зат Орусиядан оойт. Орусияга Кыргызстандын Түштүгү аркылуу Тажикстандан келет. Чындыгы Тажикстанга апийим өз эрки менен менен айдап, апийимден миллиарддаган доллар пайда көрүп жаткан Ооганстандан апийим келет. Курсан Асанов  Туштүк аймагын көз салып жаткан соң анын баңги заттарына тиешеси барбы же жокпу тиешелүү органдар аныктар.
  5. Курсан Асанов, Сүйүн Өмүрзаков, Мелис Турганбаевдер милициянын олигархтарына  айлангандыктан өздөрүн-өздөрү даңазалаганды, пиар кылганды жакшы көрүшөт. Тилекке каршы азыркы бийлик мындай адамдарга аяр мамиле кылат. Ошондуктан, буларды Ички иштер министрине алып келген жок.
  6. Курсан Асанов түбөлүк Ички иштер министрине орун басар болуп жүргүсү келген жок. Ошондуктан, ал Атамбаев менен байланыш түзүшү да мүмкүн. Атамбаев чоң интриган балким бийликти кайра алса Курсан Асановду Ички иштер министри эмес, андан да күчтүү өкмөт башчы кылам деши мүмкүн. Муну тергөө тактаар.
  7. Курсан Асанов “кызыл баштык” алган дешет, мунун ичинде Атамбаевдин “белек-бечкеги” болушу мүмкүн.
  8. Курсан Асановду бул иш боюнча айыптоого болбойт, мындай иштерге барбайт болуш керек. Бирок, азыр бийликте болуп турган ар бир кыймыл кимдир-бирөөлөр тарабынан ошол замат баканооздук менен Атамбаевге жетип турган. Атамбаев бала-бакыраны, кемпир-чалдарды канга айдап, эгер  коопсуздук органдары чабуулга өтсө салып бермек. Акыркы операцияны спецназдар Көлгө машыгууга кеткенде эң ишенимдүү төрт-беш адам гана жүргүзүп, эч кимге билинбей жасалган. Болбосо Атамбаев бул чабуулга каршы чараларды көрмөк.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости