www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасына ылайык, КР улуттук коопсуздук органдары тиешелүү тараптар жана ошондой эле өнөктөш кызматтар менен биргеликте Сирия жана Ирак согуш аймактарындагы, ошондой эле ар кандай качкындар лагеринде жүргөн жарандарды кайра кайтаруу боюнча иштердин экинчи этабын улантууда. Бул тууралуу маалыматты УКМКнын басма-сөз кызматы билдирди.

Азыркы убакта террористтик иш-аракеттерге катышкандардын жарандыгын аныктоо иштери жүрүп жатат. Ал жерде көбүнүн балдары бар болгондуктан мекенге кайтарып келүү үчүн ата-энелеринин макулдугу керек, бирок атасы же энеси атайын текшерүү иш-чаралары аяктагыча Сирия-ирак аймагында калуусу шарт.

Эгер, ата-энелери террористтик иш-аракеттерге катыштыгы бар болгон учурда, алар балдарга болгон укугунан ажыратылат.

Жарандар мекенге кайтып келгенде реабилитациядан өтүп, мыйзамдын талаптарына ылайык жоопкерчилиги аныкталат.

Сирия жана Ирак согуш аймактарындагы жана качкындар лагерлериндеги КР жарандарын кайтарып келүү КР Президентинин көзөмөлүндө турат.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча коомчулукка толук маалымат берилет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости