www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2019-жылдын 26-февраль күнү Бишкек шаарында “Укук коргоо ишмердүүлүгү
ыкчам топтомдордун жана маалыматтардын негизинде” Концепциясын ишке
ашыруу боюнча бирдиктүү планды бекитүү иш-чарасы өттү.
Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун
басары, милициянын генерал-майору К. Асанов, Кыргыз Республикасындагы
Европалык кеңештин башчысы Элчи Эдуард Ауэр, Кыргыз Республикасындагы
АКШнын Элчиси Дональд Лу, Кыргыз Республикасындагы АКШнын Баңгизаттарды эл аралык жүгүртүү менен күрөшүү жана укук коргоо ишмердүүлүгү бөлүмүнүн директору Санди Пол, Европалык кеңештин баңгизаттарга жана уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү маселелери боюнча Чаралар долбоорунун аймактык координатору Хосэ Матэ катышышты. Ошондой эле иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М. Жээнчороев, Кыргыз Республикасынын УКМКнын, Коопсуздук кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын жана дипломатиялык корпустун өкүлдөрү чакырылды.
Аталган план Кыргыз Республикасынын ИИМи, УКМКсы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы тарабынан Кыргыз Республикасындагы АКШнын Элчилигинин кызматташуусу менен туруктуулукту жана тынчтыкты бекемдөө боюнча куралынын негизинде Европалык кеңештин тарабынан каржыланып жаткан “Уюшкан кылмыштуулук жана баңгизаттарга каршы аракеттенүү маселелери боюнча Европалык союздун чаралары” долбоорунун алкагында ишке ашып жатат.Аталган концепция бул укук коргоо ишмердүүлүктө терең аналитикалык иштин негизинде ар кандай аналитикалык ыкмалар менен куралдарды колдонуунун заманбап ыкмасы болуп саналат. Кыргыз Республикасында Концепцияны ишке ашыруунун алкагында 2019-жылы бир катар окутуучу иш-чаралар өткөрүлүп, андан сырткары тиешелүү жабдыктар менен программалык камсыздоону өзүнө камтыган техникалык колдоо көрсөтүлмөкчү. Аталган тутумдун негизинде укук коргоо органдары кылмыштуулук, анын ичинде уюшкан кылмыштуулук менен натыйжалуу күрөшүүгө түрткү берүүчү өнүккөн аналитикалык программаларды колдоно алышат.
Өз кезегинде ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов Европалык
союздун баардык Долбоорлорунун өкүлдөрүнө, андан сырткары аталган долбоорлорго донор катары катышып жаткан АКШнын Өкүлчүлүгүнө кылмыштардын бетин ачууда алдыңкы ыкмалар менен технологияларды колдонууну киргизүү, Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлеринин потенциалын жогорулатуу боюнча көрсөтүлүп жаткан колдооңор үчүн ыраазычылыгын билдирди.
“Белгилүү болгондой, ИИМ тарабынан барган жумушчу топ анализдөө
тутумунун аталган моделин иши боюнча тажрыйбасын изилдеп келишкен. Долбоордун алкагында Испания полициясынын тажрыйбасын эске алып биз дагы бул багытта ишти баштоону туура көрдүк. Бул жүргүзүлүп жаткан реформанын алкагында укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүн жакшыртууга дагы бир кадам таштоого шарт түзөт. Европалык кеңештин долбоорлору менен АКШнын өнөктөштүгү менен бирдикте биз Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнүн сапатын мындан да жогорку деңгээлге көтөрөөрүнө толук ишенебиз.”-деп министрдин орун басары К. Асанов билдирди.
“Укук коргоо ишмердүүлүгү ыкчам топтомдордун жана маалыматтардын негизинде” Концепциясынын моделин ишке ашыруу үчүн техникалык жабдыктар менен атайын программалык камсыздоо түрүндөгү аналитикалык куралдар керек болгондуктан аны ишке ашырууга катышкандардын бирөөсүнө Кыргыз Республикасындагы АКШнын Бангизаттарды эл аралык жүргүртүү менен күрөшүү жана укук коргоо ишмердүүлүгү бөлүмү тарабынан сатып алынып, өткөрүлүп берилет.
2017-жылдан 2020-жылга чейин ишке ашып жаткан “Уюшкан кылмыштуулукка жана баңгизаттарга каршы аракеттенүү маселелери боюнча Европалык кеңештин чаралары” долбоору “Героиндин жолу” менен бирге Грузия, Украина, Танзания, Пакистан жана Кыргызстан сыяктуу өлкөлөрдү өзүнө
камтыйт. Үч жыл аралыгында Кыргызстанда аталган долбоорду ишке ашыруу
үчүн баңги кылмыштуулугун иликтөө анан анын бетин ачуу, улуттар аралык
кылмыштуулук менен күрөшүү эл аралык кызматташтыгын жана бирдиктүү
министрликтер менен мамлекеттер аралык ыкчам жана тергөө иш-чараларын
уюштуруу боюнча укук коргоо органдарынын кызматкерлери окутулат деп билдирет ИИМдин Басма сөз кызматы.
Булак: NazarNews.kg