www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экс-элчи Кылычбек Султанов өзүнүн Фейсбук баракчасы аркылуу Адахан Мaдумаровду колдоого чакырып, көпчүлүктү таң калтырган.
“Мекендештер! Көптөн бери ФБда пикир калтыра элек элем…
Менин оюмча, азыркы учурда бийликке жагалданбаган, бийликтен жалтанбаган абройлуу оппозициялык жалгыз гана саясатчы Адахан Мадумаров калды. (Атамбаев, Текебаев, Жапаров тууралуу өзүнчө жазам…)
Дал ошол позициясы жана даражасы үчүн Мадумаровго карата укмуштуудай каралоо компаниясы жүрүүдө.
Мекенибизде авторитардык, диктатордук жана кландык бийлик биротоло тамыр жайып кетпеши үчүн Мадумаровго болгон жеке мамилеңерге карабастан аны колдоого чакырам!
Бийлик мамлекетибиздин ресурстарын оппоненттерине каршы эмес, өлкөнүн өнүгүүсүнө, элибиздин жыргалчылыгына жумшоого милдеттүү”, – деп жазат Кылычбек Султанов.
Шоуну жакшы көргөн экс-элчи өзүнө жылуу орунду Мадумаровдун жанынан издеп жаткандай. Туура да аны бийиктике түрткөн, эптеп министрлик, элчилик кызматтарга жетелеген "Ата-Мекен" партиясынын лидеринин абалы баарына белгилүү болуп жатса өзүнө жылуу орун камдап алыш керек да.. Биздин саясаттын деңгээли эх..
Булак: NazarNews.kg