www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда аймактарды өнүктүрүү багытында системалуу иш жүрбөй жатат деген пикирин ал бүгүн Бишкекте “Аймактарды өнүктүрүү боюнча улуттук диалог" деп аталган жыйында сүйлөп жатып билдирди.
Президент бул үчүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн сынга алды. Ошону менен катар акимдердин укугун кеңейтүү керек экенин белгиледи.
Мамлекет башчынын пикиринде, жергиликтүү бийликтин ишинин натыйжалуулугун баалоо үчүн атайын критерий иштеп чыгуу зарыл жана аймактарды өнүктүрүү боюнча ырааттуу иш жүргүзүү үчүн бир мамлекеттик органды аныктоо керек.
Белгилей кетсек, былтыркы жылы "Аймактарды өнүктүрүү жылы" деп жарыяланганы менен бир дагы жарыталуу иш жасалган эмес. Буга байланыштуу жакында эле Мухаммедкалый Абылгазиев райондордун алты акимин алмаштырган.
Булак: NazarNews.kg