www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2018-жылдын 24-ноябрында Кыргызстандын коомдук-саясый жана мекенчил уюмдары, 47ге жакын саясый партиялардын  жана коомдук жарандык уюмдарынын өкүлдөрү, белгилүү саясый ишмерлер КР 1-Курултайына  катышып, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин саясый ишмердүүлүгүнө баа беришкен эле.

Алар, КР президенти Сооронбай Жээнбековдун бир жылдык ишмердүүлүгүн канааттандырарлык деп таап, ылакап атка чулганып калган КР 6-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин ишин канааттандырарлык эмес деп айтып жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаев тарабынан 2011-2017-жылдар аралыгында  мамлекеттик бийлик узурпацияланган, өлкөдө мыйзамсыз жеке авторитардык жана кландык башкаруу орнотулган деп бир нече саясый чечим чыгарышкан эле.

Ошентип Курултайчылар өздөрүнүн 5-кичи жыйынын өткөрүшсө, жакынкы күндөрү ири Курултай өтүп, азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун ишмердүүлүгүнө баа берилет.

Эң кызыгы бизге жеткен маалыматтарга таянсак жакын арада Курултайчылардын арасынан саясый “лөктөрдүн” бири, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин "короосуна" секирип түшө тургандыгын уктук. Демек бул жерде бир мандем же тандем бардай... Дагы кулак түрүп көрөлүчү...

Кантсе дагы 25 жылдан берки саясый сойкулардын кылык-жоругуна деле көнүп калбадыкпы? Эмне дейбиз жаман болсоңор дагы аман болгула, бирок алакандай Кыргызстанга пайдаңар тийбесе, “тиги тарапка кете берсеңер” деле оң болчудай...

-Чынбы?

Булак: NazarNews.kg

Последние новости