www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Март айынан тарта «Северэлектро» ААКнын Талас филиалы Талас облусунда жыл сайын мерчемделүүчү оңдоо, капиталдык курулуш, электр жабдыктарын техникалык жактан кароо иштерин алып барууда.

Адистер Талас, Бакай-Ата, Кара-Буура, Манас райондук электр тармактарындагы жана Талас шаарындагы 586 чакырымдан ашуун 10/0,4 кВ чыңалуусундагы аба электр чубалгыларын жана 189 даана трансформатордук көмөкчордондорду оңдоп, 335 чакырым аба электр чубалгыларынын боюндагы бак-дарактардын бутактарын кыркып, 114 трансформатордук көмөкчордондордун кубаттуулугун жогорулатышат.

Быйылкы жылы Талас шаарына; Талас районундагы Көпүрө-Базар, Үч-Эмчек, Кара-Суу айылдарына; Бакай-Ата районундагы Өзгөрүш айылына; Кара-Буура районундагы Чолпонбай айылына, Манас районундагы Көк-Дөбө айылына 8 кошумча трансформатордук көмөкчордон орнотулат.

Мындан сырткары, Талас шаарында өзүн өзү кармап туруучу изоляцияланган зымдарды колдонуу менен 0,4 кВ чыңалуусундагы 36,4 чакырым аба электр чубалгылары реконструкцияланат. Реконструкциянын жүрүшүндө энергетиктер жаңы 362 темирбетон тирөөчтөрүн орнотушат.

Эске салсак, «Северэлектро» ААКнын балансында Талас шаары боюнча 206 чакырым төмөнкү вольттогу аба чубалгылары бар, анын ичинен 130 чакырымы өзүн өзү кармап туруучу изоляцияланган зымдарды колдонуу менен реконструкцияланган. Иш жүзүндө байкалгандай, өзүн өзү кармап туруучу изоляцияланган зымдарды колдонуу трансформатордук көмөкчордондун ашыкча жүктөм менен иштөө маселесин жокко чыгарып, берилген электр энергиянын сапатын жана ишенимдүүлүгүн жогорулашына алып келди.

Бул маалымат тууралуу "Түндүк электр" ААК басма сөз кызматы билдирди. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости