www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Куудул” деп биз элге күлкү тартуулаган адамды айтабыз. Илгери куудулдарды көргөндө эле элдер күлө баштачу “эмне кылып күлдүрүп жиберет” деп. Ал эми азыркы жаш куудулдар тапансынып сөз тапкандары менен элге күлкү тартуулоо маданиятынан четтеп бара жатканын эске алганыбыз оң.
Анткени ыйык сахнаны сыйлабай уят нерселерди, кулакка жат сөздөрдү айтып жиберип жатышканы маданиятсыздыкка жол бергенден белги берип жатат. Алар элден уялышпаса дагы өздөрүнүн жакын туугандарынан уялышса болмок. Карасак эски муундагы куудулдар андай тайыздыкка жол беришпейт, анткени алар аз болсо дагы окуп билим алышкан. Ал эми азыркы жаш куудулдар алды-артты карабай кеткен жагы куудулдук кесипке бут тозуп жаткандан белги берип жатканын эске алышса деген эле ой.
Бердикожо Бийназаров, NazarNews.kg